Чүйдө жол инспекторунан акча талап кылган блогер кармалды

Чүйдө жол инспекторунан акча талап кылган блогер кармалды

Чүйдө блогер А.Жумагулова кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча талап кылууга шектелүүдө.

Жумагулова Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, инспектордон акча талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголган.

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>