Бишкек: Мэрия Ураимовдун атын көчөгө ыйгаруудан баш тартты

Бишкек: Мэрия Ураимовдун атын көчөгө ыйгаруудан баш тартты

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы Кара-Дарыя көчөсүнө кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскер Эламан Ураимовдун атын ыйгаруудан баш тарты. Бул тууралуу парламенттин депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

Депутат мэриянын расмий жообун Телеграм каналына жарыялаган. Анда учурда шаардагы көчөлөрдүн аталышын алмаштырууга мораторий бар болгондугу, ошондой эле коомдун көрүнүктүү адамдарынын атын көчөлөргө ыйгаруу адам каза болгондон беш жыл өткөндөн кийин гана мүмкүн экендиги белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун атын Карыя-Дарыя көчөсүнө ыйгарууну сунуштап мэрия менен Бишкек шаардык кеңешине кайрылган.

Аталган көчөдө Тажикстандын элчилиги жайгашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>