Бишкек мэриясы таза суунун баасын көтөрүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы таза суунун баасын көтөрүүнү сунуштады

Шаар бийлиги ичүүчү сууга жана канализациядагы сууларга тарифтерди көтөрүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.

Шаар бийлиги мунун себебин учурдагы тарифтер эскирген насостук жабдууларды, жүк ташуучу атайын техникаларды жаңылоого, ошондой эле суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын реконструкциялоого, ички суу түтүк канализация тармактарын профилактикалык жана авариялык оңдоолорду жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей тургандыгы менен түшүндүрдү.

Мындан тышкары, электр энергиясына, күйүүчү-майлоочу майларга, атайын кийимдерге баанын жогорулашына байланыштуу “Бишкексууканал” ЖКК чыгашага учурай баштаганын, ар кандай авариялык кырдаалдан улам жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны өсүп (жылына 16 миңге жакын арыз) жатканын жүйө келтирген.

Ага ылайык, ичүүчү суунун 1 куб метри үчүн төлөм жогорулатылгандан кийин төмөнкүдөй болот:

  • жарандар үчүн 10,45 сом (учурда 8,10 сом);
  • бюджеттик мекемелер үчүн 12,95 сом (учурда 9,10 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн 18,5 сом, (учурда 13 сомдук).

Ар бир адам үчүн канализацияны пайдалангандыгы үчүн төлөмдү 50% көтөрүү сунушталууда.

  • жарандар үчүн 3,45 сом (учурда 2,30 сом);
  • бюджеттик мекемелер үчүн 4,5 сом (учурда 3 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн 9 сом (учурда 6 сом).

Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө 15,10 сом өлчөмүндөгү тарифти белгилөө сунушталууда. Төлөм жылына бир жолу алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: таза суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>