Бишкек мэриясынын кызматкерлери кыргызча сабаттуу жазууну үйрөнүштү

Бишкек мэриясынын кызматкерлери кыргызча сабаттуу жазууну үйрөнүштү

Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистери жана пресс кызматкерлери үчүн «Кыргыз тилинде сабаттуу жазуунун теориясы жана практикасы», “Иштиктүү кыргыз тили” аталыштагы кыска мөөнөттүк окуу курсу уюштурулду.

Шаардык муниципалитеттин маалыматына караганда, мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү кыска мөөнөттүк окуу курсун уюштуруп, аны филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева өттү.

Окутуу өкмөттүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун өкмөттүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын» ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>