Таш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдөБишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болдуКыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти
Бишкек мэриясынын жетекчи кызматкери пара менен кармалды
07.12.2021 | 17:18
Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары “У.У.К.” тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллары акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды.
2021-жылдын 6-декабрында бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “У.У.К.” КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар