Бишкек: Онкологиялык оору менен жабыркаган балдардын ата-энелери митингге чыгышты

Бишкек: Онкологиялык оору менен жабыркаган балдардын ата-энелери митингге чыгышты

Бишкекте онкологиялык илдетине чалдыккан балдардын ата-энелеринин митинги өттү. Митингге 20дан ашык адам чыкты.

Алар колдоруна «Жардам бергиле, балдар өлүп жатат», «Балдарыбызга бүгүн жардам керек», «Алымкадыр Бейшеналиев, балдардын онкогематологиясын реформалоону баштагыла» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту.

«Биз бир нече жолу бийликке жардам сурап кайрылганбыз. Бизге дайыма убадалар берилет, бирок эч ким реалдуу кадамдарды жасабайт. Балдар ар кандай операцияларды талап кылат. Бир кызга тез арада чет өлкөдө 80 миң долларга операция керек. Садыр Жапаров ушуга көңүл бур. Саламаттыкты сактоо министрлиги бизге көңүл бурбай жатат”,-дешет Митингге чыккандар.

Тынчтык митингинин катышуучулары Курманжан датканын эстелигинин жанына чогулуп, Өкмөт үйүн көздөй жөө басышты. Алар президент Садыр Жапаров менен жолугабыз деген үмүттө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>