Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташыган кичи автобус менен «Жигули» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, бир адам ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык аталган жолдун 384-чакырымында болгон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы Токтогул районунун тургуну 37 жаштагы Т.М. мерт кеткен.
Mercedes-Benz Sprinter унаасында тогуз жүргүнчү болгон. Алардын төртөө жеңил жана орто деңгээлдеги жаракаттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.