Бишкек: Шаар ичиндеги кичи автобустар текшерүүгө алынууда

Бишкек: Шаар ичиндеги кичи автобустар текшерүүгө алынууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы буга чейин кыймылдуу курамдын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу тапшырмасы берилген кичи автобустарды кезектеги текшерүүдөн өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым кичи автобустарда сынып, тытылган отургучтар, салону кир жана илинип турган кармагычтардын жулунган туткалары бар.

«Айдоочулар бузулууларды жана кирди дароо байкашпайт, алар дайыма эле техниканы тез арада алмаштырууга үлгүрбөйт, мындай жагдайлардан улам жарандарга унаа айдап ыңгайсыз болуп, көптөгөн жүргүнчүлөр фактыларды фото жана видеого тартып алышат», — деп белгилейт мэриянын басма сөз кызматы.

Муниципалитет жеке жүк ташуучуларга унаанын сырткы көрүнүшүн бирдиктүү заводдук түскө келтирип, салонун бир ыңгайга келтирүү тапшырмасы берилгенин эске салды (орундарды, капкактарды, терезелерди, жүргүнчүлөр үчүн маалымат, маршруттук белгилерди жаңыртуу).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>