Бишкекте тургундун үйүнөн 220 миң долларлык баңгизат табылды — видео

Бишкекте тургундун үйүнөн 220 миң долларлык баңгизат табылды — видео

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн баасы 220 миң долларлык дээрлик 15 кг баңгизат табылып алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-декабрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде, 21 жаштагы А.О. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 15 баштыкка салынган порошок түрүндөгү зат табылган. Анын салмагы 14 кг 950 граммды түзгөн.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, табылган зат героин болуп чыккан. Баңгизаттын баасы 220 миң долларды түзөт.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 282-беренеси боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>