Ливан өлкөсү банкрот болду

Ливан өлкөсү банкрот болду

Ливандын вице-премьер-министри Саад аш-Шами «Ливан мамлекети жана Борбордук банкы банкрот болгондугун» жарыялады.

Анын айтымында, жоготуулар мамлекет, Ливан банкы, банктар жана аманатчылар арасында бөлүштүрүлөт, конкреттүү пайыз жок, өлкөнүн өкмөтү бул маселе боюнча ЭВФ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ливандын Борбордук банкынын башчысы Риад Саламе бул маалыматты четке какты.

«Көңүл бурбай коюуга болбой турган факт бар… биз жарандардын эсептеринен акча алууну ача албайбыз, анткени ал кадимки абалда болот», — деди ал-Шами мырза Аль-Жадид телеканалынын эфиринде. )

Ал белгилегендей, буга байланыштуу болгон экономикадагы көйгөйлөр ондогон жылдар бою топтолуп келген.

Министрдин орун басарынын айтымында, ЭВФ менен сүйлөшүүлөр азыр банк секторун реформалоого жана реструктуризациялоого, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча тең салмактуу фискалдык саясатка, мамлекеттик секторду жана электр энергетика тармагын реформалоого, валюта курсун унификациялоого, өлкөнүн акча-кредит саясатын жүргүзүүгө багытталган.

Ливандын Борбордук банкы адаттагыдай эле ишин улантып жатканын  Reuters агенттиги жазып чыкты.

Ливан өкмөтү өлкөнү 2020-жылы банкрот деп жарыялаган. Бул Ливанда мурунку өкмөт отставкага кетүүгө аргасыз болгондон кийин болду. Буга Бейрут портундагы жарылуу да таасирин тийгизген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>