Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду камакта калтырды
08.06.2022 | 17:30
Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Жактоочунун үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязовду 18-июнга чейин СИЗО-1де калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу өтүнүчү да четке кагылды.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 9-октябрындагы баш аламандык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталып жаткандар Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Фарид Ниязов дагы 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясы жана мыйзамсыз паспорт берүү боюнча козголгон кылмыш иштеринде айыпталуучу.