Ошто спорттун чеберлери адам тоноого шектелип кармалды

Ошто спорттун чеберлери адам тоноого шектелип кармалды

Ош шаарында тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын июнь айында Ош шаардык милициясына 33 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, анын денесине жаракаттарды келтирип, жеке буюмдарын тартып алышкан жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ош шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринен түнкү маалда жабырлануучуга белгисиз адамдар кол салып, күч колдонушуп, жеке буюмдарын тартып алышкан.

Жарандан түшкөн кайрылуу боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү (Тоноо) менен кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы укукка каршы аракеттерди жасоого шектелген жарандардын өздүгү такталган.

Шектүүлөр Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочулары (спорттун чеберлери) болушат. Бардыгы аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийин соттун чечими менен бардык шектүүлөргө карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат боюнча бөгөт чарасы тандалган. Учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>