Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Бишкек шаардык соту митингге тыюу салган райондук соттун чечимин жокко чыгарды
09.03.2020 | 16:59
Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун шаардын борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы митинг өткөрүүгө тыюу салуу токтом кабыл алган. Андан соң Биринчи Май райондук администрациясы бул боюнча сотко арыз берип, ал канааттандырылган.
Митинг өткөрүүгө тыюу салуу коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө үчүн кабыл алынганы айтылган.
8-март күнү аялдардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен өтө турган жүрүш белгисиз адамдар тарабынан үзгүлтүккө учурап, иш-чарага келгендерди милиция кармап кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом