Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратты
23.03.2020 | 13:51
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.
Мындай чечимди 23-мартта Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова чыгарды.
Ошондой эле соттун өкүмүнө ылайык анын II даражадагы “Манас” ордени жокко чыгарылып, жазасын өтөп бүткөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат.
Белгилей кетсек, ушундай эле чечимди Свердлов райондук соту декабрь айында чыгарган.
Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом