Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды
29.11.2022 | 13:37
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-ноябрда шаардык сотто Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
Буга чейин, 4-ноябрда Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын караган Октябрь райондук соту аны 10-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом