Журналистти сабап, карактап кеткен экинчи шектүү кармалды

Журналистти сабап, карактап кеткен экинчи шектүү кармалды

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү делген экинчи жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-октябрда Ж.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ал арызында 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен белгисиз жарандар күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 телефонун жана 3,5 миң сом акчасы бар капчыгын тартып алышканын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү экинчи киши – 22 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына 18-декабрга чейин камакка алынган. Учурда тергөө улантылууда.

Эскертке кетсек, буга чейин шектүүлөрдүн бири – 22 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Ал эми экинчи шектүү изделип жаткан.

SuperTV’нын журналистин сабап кеткен шектүү кармалды — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>