Бишкек – Ош жолундагы кырсыкта үч адам каза болду

Бишкек – Ош жолундагы кырсыкта үч адам каза болду

Бишкек – Ош жолунда жеңил унаа фураны сүзүп, үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 28-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон. Ноокен районунун Кыла айылында Daewoo Nexia унаасы жол жээгинде токтоп турган Volvo оор жүк ташуучу унаасын артынан сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон.

Учурда унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>