Ысык-Көлдөгү форумда РКӨФ аркылуу 800 млн долларлык макулдашууларга кол коюлатАКШнын мамкатчысынын жардамчысы Пол Капур Кыргызстанга келетЖеңиш чокусундагы трагедиядан кийин Кыргызстанда пермит системасы киргизилүүдөБилим берүү Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыты бойдон калууда — ПутинНарында жайыттарды туура эмес пайдаланган малчыларга айып пул салындыСадыр Жапаров менен Владимир Путин: Кыргызстан жана Россия соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйттү
Бишкек: “Тазалык” кызматкери унаага сүзүлүп, мүрт кетти
04.01.2022 | 10:00
Бишкек шаарында “Тазалык” кызматынын бир кишисин унаа сүзүп мерт кетти. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 4-январда саат 8:15 чамасында болгон. Анда 41 жаштагы аял киши Тойота Пробокс үлгүсүндөгү автоунаасы менен Шабдан баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, 35 жаштагы жөө адамды сүзүп алган. Ал окуя болгон жеринен көз жумган. Каза болгон жөө адам “Тазалык” ишканасынын кызматкери экени аныкталган.
Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, айдоочу Бишкек милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар