3-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа берди
Асан Жанышов дүйнө чемпионатында коло байге жеңди
22.09.2025 | 13:29

Балбан Асан Жанышов Хорватияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Ал коло байге үчүн кармашта учурдагы Европа чемпиону болгон венгриялык балбан Давид Лощонцини 4:2 эсебинде уткан.
Кыргызстандык балбан буга чейин 1/16 финалдагы алгачкы беттешинде түрк балбаны Хасан Кылынчты 6:5 эсебинде жеңген. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон кармашта азербайжандык Ислам Аббасовду 4:3 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык Алиреза Мохмадипианига 1:4 эсебинде утулуп калган, бирок көңүл жубатуучу беттешке катышуу укугун алган. Көңүл жубатуучу беттеште эсеп 1:1 болгондо Асан Жанышов немис балбаны Ханнес Вагнерди эскертүүлөр боюнча жеңген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт