Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Бишкек: Түндө асманда жаркырап учкан шариктер пайда болду (ВИДЕО)
05.10.2021 | 11:26
Социалдык тармактарда жаркырап учкан, белгисиз бир шариктердин зуулдап асманда учуп бара жаткан видеолор чыкты. Видеодон алардын жарышып учуп бара жатканын көрүүгө болот.
Социалдык тармактын колдонуучулары таң калып жатышат. Алардын баамында болжол менен таңкы үчтөн өтүп калганда ушундай көрүнүш болгон.
Кээ бир версия боюнча «Союз-2.1а» ракетасы Москва убактысы 11:55 те учкан, балким ошол ракета болуп жүрбөсүн.
Ал эми Reporter.kg Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сурап көрдү. Алар эч кандай сыйкырдуу шариктер учпаганын, бирок, түндөгү окуяны иликтеп берээрин убада кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар