Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттор жаңыланат

Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттор жаңыланат

Биз Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоону баштайбыз. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгына тийиштүү билдирди.

Анын айтымында, президенттин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлган.

«Ошондой эле бажы инфраструктурасын модернизациялоону баштайбыз. Келерки жылдын 1-февралына карата бардык товардык агымдарга талдоо жүргүзүлүп, 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бажы чөйрөсүн модернизациялоо программасы сунушталат», — деди Жапаров.

Буга чейин Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын  экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен жолукканы маалымдалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында Кыргыз-Эмират ишкерлер кеңешинин 1-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленген, бул эки тараптуу кызматташтыктын динамикасынын тийиштүү деңгээлин камсыздоонун маанилүү шарты болуп саналат.

Тараптар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, атап айтканда, учурда «AD Ports Group» компаниясы менен эки багыт боюнча — Кыргыз Республикасынын аэропортторун реконструкциялоо жана куруу, ошондой эле бажы жана чек ара постторун модернизациялоо боюнча тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө.

Аталган долбоорлордун жалпы наркы 800 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт.

Эске салсак, 2021-жылдын башында Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) “Манас” аэропорту боюнча Мамлекеттик-жеке өнөктөш долбооруна кеңешчи катары бекитилген. Кеңешчилик кызматтардын алкагында IFC “Манас” эл аралык аэропорту үчүн МЖӨ долбоорун көп тараптуу кароону жана структуралаштыруу, ошондой эле “Манас” аэропортунун инфраструктурасын изилдөө финансылык талдоо, болжолдоо жана диагностикалоо иштерин жүргүздү.

Бардык документтер даяр болгондон кийин IFC Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен бирге инвестициялык конференция уюштуруп, анда тогуз ири компания «Манас» аэропортун реконструкциялоого кызыктар болгон. Бирок БАЭден келген “AD Ports Group” компаниясы бул тизмеде жок болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>