Жалал-Абадда кен иштеткен жеке компания 4,4 млн сом зыян келтирген

Жалал-Абадда кен иштеткен жеке компания 4,4 млн сом зыян келтирген

УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана «Кадастр» МИ кызматкерлеринин көмөк иш-чараларынын негизинде, жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды.

Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен, ошонун кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.

Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.

Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>