Бишкек ЖЭБ кышка даяр, бардык жабдуулар текшерилди

09.09.2019 | 16:55

Бишкек ЖЭБи кышкыга  даяр. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү.

«2019-2020-жылга күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп “КонтактУглеПром” ТОО табылды. 1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган. Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланды. Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келет.

Учурда Бишкек ЖЭБинде 80 миң тонна көмүр бар. Кара-Кече отунун жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү. Ошондой эле, ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер ушул жумада жарыяланат. Жалпы күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдалат», – деп маалымдады басма сөз катчы.

Ишкана өткөн күнү 1 миллион 421 миң кВт/саат электр энергиясын иштеп чыккан. Ал эми кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат чейин электр энергиясын иштеп чыгарат.

Scroll to Top