Бишкекке 50 млн долларга 120 электр автобус сатып алынат

Бишкекке 50 млн долларга 120 электр автобус сатып алынат

Бишкекке 50 млн долларга 120 электр автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жакында 120 автобусту сатып алууга берилген тендердик арыздар ачылып, каралат.

Электр автобустар баасы кымбат болгонуна карабай, ал күйүүчү май жана газ менен жүргөн автобустарга караганда экологиялык жактан таза, аны менен бирге аны колдонуп-иштетүүдөгү чыгымдары аз болот. Маселен автобус 16 жыл иштейт деп эсептегенде электр автобустар 1 чакырымы үчүн 0,42 доллар, дизель менен жүргөн автобустар 0,59 доллар жана газ менен жүргөндөрү 0,49 доллар туруп калат.

Электр автобустарын сатып алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50,65 млн доллар каражат алынууда. Анын 25,65 млн доллары грант, ал эми 25 млн доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>