Бишкекке Екатеринбургдан 191 кыргызстандык мекенине келди

Бишкекке Екатеринбургдан 191 кыргызстандык мекенине келди

Бүгүн, 28-июлда Екатеринбургдан Бишкекке чартердик каттам менен 191 Кыргыз жараны келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бул каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Курган, Сургут, Ханты-Мансийск, Салехард, Ноябрьск, Жаңы Уренгой жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Авиатраффик» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>