«Дубровский» ресторанынын имараты муниципалдык менчикке өттү

«Дубровский» ресторанынын имараты муниципалдык менчикке өттү

Бишкек шаарындагы «Дубровский» ресторанын имараты муниципалдык менчикке өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын отурумунун чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылды. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынды.

«Бул чечимдин негизинде ресторандын ээлерине Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы тарабынан болгон имаратты демонтаждоо тууралуу билдирүү тапшырылды.

Бирок ижарачы мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирип, келишимге ылайык жалпы аянты 500 чарчы метрге жакын ресторандын имараты өткөрүлүп берилген, ошондой эле аянты 0,37 га болгон мурда ижарага алынган жер тилкеси кайтарылды, имарат 48 500 000 сомго бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок. Бул жай мунипалитеттин максаттары үчүн колдонулат. Мэрия «Дубровский» ресторанынын ээлерине ыраазычылык билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>