Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Эркин экономикалык аймактын жетекчиси Тайчабаров жол кырсыгына кабылды
26.01.2022 | 13:48
Бишкек эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Бул туурасындагы маалыматты Жол кайгуул милициясы Reporter.kgге тастыктады.
Маалыматка караганда, кечээ, 25-январь күнү болжол менен саат 12:45 чамасында 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу Daewoo Kalos үлгүсүндөгү авто унаа менен А.Масалиев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Ч.Айтматов көчөсүнөн кесилишинен Т.К. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу жабыркап, 4-ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда эки авто унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар