Бишкекте 15 кабат үй түрттүрүлүп, жүздөгөн адам үй-жайсыз калганы турат

Бишкекте 15 кабат үй түрттүрүлүп, жүздөгөн адам үй-жайсыз калганы турат

Бишкекте 15 кабат үй түрттүрүлүп, жүздөгөн адам үй-жайсыз калганы турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Кадырбековдун айтымында, аталган турак үй Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жогорку сот анын курулушун мыйзамсыз деп таап, түрттүрүү тууралуу чечим чыгарган.

«Ал жерде жуздөгөн адам жашап жатат. Ал үйдү бекер алган эмес, басып алган эмес. Акчасына сатып алган. Жогорку соттогулардын үйү жоктору болбосо керек. Жакшы үйдө жашайт. Алар (үйү түрттүрүлө тургандар – ред.) каякка барат?», — деп суроо салды депутат.

Кадырбеков билдиргендей, Бишкек боюнча мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн саны 38ге жетет. Эгер ал жакта жашаган адамдардын үйү түрттүрүлө турган болсо, 10 миңдей адам үй-жайсыз калат.

«Алар каякка барат? Убагында алар үйдү акчасына сатып алган. Эгер басып алса, бир жөн. Анда «мыйзамсыз, документтери жок куруп жатканда каякты карадыңар эле?» деп тиешелүү органдарды да жоопко тартыш керек. Ушундай нерселер, келип-келип чыңалууларга алып келет. Бул маселеге тез арада чара көрүңүздөр (президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго — ред.)», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>