Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Бишкекте 150 миң сом уурдаган жигит видеого түшүп калган
27.07.2022 | 10:07
Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринен 150 миң сом уурдаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-июлда милицияга жергиликтүү тургун кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 09:00 чамасында соода борбордун бөлүмүнөн анын сумкасын уурдап кеткенин анда 154 сому бар экенин билдирген. Уурдоо фактысы видеокамерага дагы түшүп калган.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон. 23-июлда 25 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткрилген.
Ленин райондук соту тарабынан ага карата СИЗО-1 абагына 1 айга камоо боюнча чечим чыгарылган. Учурда тергөө уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Рубрики: Жаңылыктар, Коом