Бишкекте 16 жана 17 жаштагы эки кыз сойкуканада иштеп жүргөн

Бишкекте 16 жана 17 жаштагы эки кыз сойкуканада иштеп жүргөн

Бишкекте жашы жете жете элек кыздар иштеген сойкукананы уюштурууга шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук мидициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-ноябрда рейд учурунда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөн 2007-жылы туулган М.А. жана 2006-жылы туулган С.М. аттуу кыздар аныкталган. Сойкукана уюштурууга шектелип 36 жаштагы К.А. аттуу аял кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалган аял убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Иликтөө иштери уланууда.

Милиция интимдик кызмат көрсөткөн адамдар же жайлар тууралуу маалыматы бар жарандарды 0(701) 700-251 (Whatsapp), 0(312) 43-73-75 же “102” номерине кабар берүүсүн суранат. Маалымат берген адамдын аты-жөнү купуя сакталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>