Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
Бишкекте 18 жаштагы кыз дайынсыз болууда
09.04.2021 | 10:53
Бишкек шаарында 18 жаштагы Альбина Бапиева изделип жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызды таап берүүгө жардам сурап эжеси кайрылган. Анын айтымында, Альбина 8-апрелде саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 165 сантиметр, арыкчырай, чачы ачык күрөң. Кызыл куртка, жинсы шым, кара түстөгү бут кийим кийип, кара рюкзак асынып жүргөн.
Милиция Альбина Бапиеваны көргөндөр болсо (0553) 102-189, (0500) 09-99-00, (0312) 54-41-84 жана 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.