Бишкекте 29 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте 29 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте 29 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 21-сентябрда милицияга К.М. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 17-сентябрга караган түнү болжол менен саат 01:00до Чүй менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде Д. аттуу чала тааныш жаран 100 миң сомдук Canоn 6D фотоаппаратын колдонуп турууга сурап алып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 29 жаштагы Д.Э. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө амалдары учурунда шектүү алдамчылык жолу менен алып алган фотоаппаратты өз ыктыяры менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>