Акылбек Жапаров катар делегациясын кабыл алды

Акылбек Жапаров катар делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар инвестициялык агенттигинин Африка жана Азия региондору боюнча башкы директору, “Ooredoo” тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Файсал бин Тани Аль Тани жетектеген катардык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестиция, туризм, соода-экономикалык жана энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Өзгөчө Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим ибн Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга көңүл бурулду.

МинКаб төрагасы Катар Кыргызстан үчүн Жакынкы Чыгыштагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгилеп, “бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берээрине ишенээрин” билдирди.

Өз кезегинде Файсал бин Тани Аль Тани эки тараптуу кызматташуунун потенциалын дагы жогорулатуу үчүн, катар делегациянын курамына Катардын инфраструктура, энергетика, туризм жана инвестиция тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери киргенин айтты.

Мындан тышкары, ал жумуш сапарынын жыйынтыгында аныктала турган тармактарга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин жана катарлык компаниялар Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>