Бишкекте 33,2 миң $ салынган сейфти уурдагандар видеого түшүп калган

Бишкекте 33,2 миң $ салынган сейфти уурдагандар видеого түшүп калган

Бишкекте сейф уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-февралда Биринчи май райондук милицияга И.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 22-февралда саат 18:30-00:00 аралыгында, белгисиз адамдар Рыскулов көчөсүндөгү кеңселердин бириндеги бухгалтердин иш бөлмөсүнө кирип, ичинде 33,2 миң доллар салынган 30 миң сомдук сейфти уурдап кеткенин билдириген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы О.Э., 24 жаштагы Т.Ж. жана 21 жаштагы Б.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биринчи май райондук соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн биринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 31,7 миң доллар табылган. Ошондой эле, шектүүлөр сейфти Кант шаарынан Чоң Чүй каналына таштап салганы белгилүү болгон. Сейф аталган каналдан табылып, алынып чыккан.

Иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>