Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук берүү өчүрүлөт
01.04.2022 | 18:19
2022-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим Бишкек шаарынын апрель айына карата аба ырайын эске алуу менен кабыл алынган.
«Бишкек шаарынын ЖЭБне, «Бишкекжылуулукэнерго» ААКсына, «Бишкекжылуулукэнерго» КПга жана ведомстволук отканалардын жетекчилерине борбор калаанын имараттарын жылуулук менен камсыз кылган жылуулук жабдууларын өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды», – деп жазат басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом