Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Бишкекте 4 жылдан бери дайынсыз болгон Дмитрий Зиниев изделүүдө
14.05.2023 | 19:16
Бишкекте 4 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Дмитрий Зиниев изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылы 22-январда милицияга Ш.З. аттуу жаран кайрылып, 1974-жылы туулган уулу Дмитрий Зиниев 2019-жылы март айында Аламедин-1 кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Белгилери: бою 185 см, арык чырай, чачы кыска, кара, көздөрү көк.
Милиция Дмитрий Зиниев табылбай жатканына байланыштуу аны көргөн-билгендер болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 103-102, 0 (701) 28-28-19, 0 (557) 11-94-10 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом