Кыргызстанда 2 млн 537,9 миң адам иш менен камсыз болгон

Кыргызстанда 2 млн 537,9 миң адам иш менен камсыз болгон

2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2 млн 537,9 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө жумушсуздардын саны 142,6 миң адамга жетет (расмий каттоого тургандар).

«Ошол эле учурда, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган.

Буга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттеринин арты менен жетишилди. Мисалы, чакан бизнес ачууга 100 миң сом берүү, «Эмгек үчүн тамак-аш/акча» долбоорлорун ишке ашыруу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу иш-чаралары өз үзүрүн берүүдө. Натыйжада республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү», — деп билдирет министрлик

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>