Бишкекте 7 жаштагы окуучуну ичке тээп, муунткан жаран үй камагына чыгарылды

Бишкекте 7 жаштагы окуучуну ичке тээп, муунткан жаран үй камагына чыгарылды

Бишкекте 7 жаштагы окуучуну тээп, муунткан жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, 14-апрелде милициянын тергөөчүсү шектүү К.Д. анча оор эмес кылмышка айыпталып жатканын, анын өздүгү такталганын, туруктуу жашаган жери бар экенин билдирип, Ленин райондук сотуна аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырып, шектүүнү 13-июнга чейин үй камагына чыгарган.

Эскерте кетсек, 12-апрелде Бишкектеги жеке мектепте бир окуучунун 34 жаштагы атасы 7 жаштагы башка окуучуну ичке тээп, муунткан. Окуянын видеосу соцтармактарга тарап, эркек кишинин жоругу коомчулуктун сынына кабылган.

Кийинчерээк милиция аталган окуя боюнча 34 жаштагы К.Д. аттуу шектүү кармалганын, ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Бишкекте 7 жашар баланы сабаган адам кармалды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>