Бишкекте 70 жаштагы карыя алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте 70 жаштагы карыя алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте бир катар алдамчылык фактысына шектелип 70 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 9-январда милицияга С.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, былтыр июнь айында С.Ж. аттуу жаран ага Германиядан трактор алып келип берем деп 10 миң доллар алып, убадасын аткарбай алдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1953-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүнүн дагы башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо, 0(700) 126 622, 0550 338 806 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>