Президент: Ташов менен Куренов ККМге каршы митинг менен элди көтөрмөй болгон

Президент: Ташов менен Куренов ККМге каршы митинг менен элди көтөрмөй болгон

Ишкер Имамидин Ташов менен активист Тилекмат Куренов декабрь айындагы базарларда кассалык-көзөмөл аппараттарын орнотууга каршы өткөн митингдерди колдонууга аракет жасаган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкерлердин митингине бир нече топтор байланышкан.

«Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер», — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин маалыматында, митингдин уюштуруучулары өлкөдө башаламандыкты пландашкан.

«Соодагерлердин арасына кирип алып, лидер боло калышып, эптеп эл массасын чогултуу, анан баш аламандык уюштурмай болгон. Көпчүлүктүк арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жарандарды көтөрүү пландары да бар. Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз ага жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновго мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенүү айыбы менен издөө жарыяланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>