«Журналист эмес билими жоктор». Ниязбеков кармалган медиа өкүлдөрү боюнча оюн айтты

«Журналист эмес билими жоктор». Ниязбеков кармалган медиа өкүлдөрү боюнча оюн айтты

Жалган маалымат таратып, элди көтөрүлүшкө чакырган журналисттер камалат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков «Политклиника», «Арча медиа», “Темиров Лайвдын”  журналисттеринин кармалышы боюнча берген кыска маегинде билдирди.

Министр кармалгандардын алтоосунун диплому жок экенин белгилейт.

«Булардын баары эмес экөөсү гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок, болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Алар бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы мененби же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз», — дейт ал.

Улан Ниязбеков  журналисттер саясый негизде кармалганын четке кагат. Анын айтымында, бийликти сындоого чектөө жок. Министрдин пикиринде, жогоруда аталган медиалар билимсиздигинен жалган маалымат таркатышкан.

«Эч кандай саясий себептер жок. Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да», — дейт министр.

«Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп «эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз» деп олтура берсе болобу? Журналистиканын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Ошон үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок», — дейт ал. 

Министр медиа өкүлдөрүн камоо улантыларын эскертип, бирок сөз эркиндиги камсыз болорун айтат.

«Ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Андай учурда сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек.  Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет. Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы», — дейт Улан Ниязбеков. 

«Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да», — дейт ал. 

Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда жана азыр иштеп жаткан кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист камакка алынган.

2023-жылдын декабрь айында Temirov Live Улан Ниязбеков ишмердиги жана мүлкү жөнүндө иликтөө жарыялаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>