Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт
08.05.2026 | 15:02

9-май – Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 3000ден ашуун милиция кызматкери тартылат.
Ошондой эле милиция «Өлбөс полк» жүрүшү учурунда жарандардан белгиленген эрежелерди сактоо жана милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийүүнү суранды.
Милиция төмөнкү аракеттерге тыюу салынарын эскертти:
- дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксатсыз колдонууга;
- абадан уруксатсыз видео жана сүрөткө тартууга;
- курал-жарак, кооптуу буюмдар жана пиротехникаларды алып жүрүүгө;
- алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө жана колдонууга;
- айнек идиштерди пайдаланууга;
- экстремисттик, чагымчыл жана саясий символикаларды колдонууга;
- үгүт иштерин жүргүзүүгө;
- коомдук тартипти бузган аракеттерге.
Ошондой эле расмий уруксаты жок учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга жол берилбей турганы белгиленди. Талаптарды бузган жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом