Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
08.10.2024 | 18:00
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 4-октябрда аларга Кулиев көчөсүндө белгисиз жаран бычактан жараат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барганда, бычак жеген жаран тез жардам унаасында эсине келбей көз жумганы белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы Б.И. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга №1 тергөө абагына камакка алынган.
Тергөө иштери уланууда.