Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясаттын долбоору жактырылды
18.08.2026 | 12:11

Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеш Кыргызстандын 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жактырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Долбоорду финансы министри Руслан Сүйналиев тааныштырды. Жыйындын катышуучулары 2027–2031-жылдарга карата киреше жана чыгашалардын параметрлерин, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоону, ошондой эле ар кандай тармактардагы мамлекеттик чыгашаларды талкуулашты.
Талкуунун жыйынтыгында кеңеш долбоорду бир добуштан жактырды.