Бишкекте адамды 23 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте адамды 23 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

ИИМ «ОК платформа» интернет-сайтынан жабыркагандарды издейт. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.К. аттуу жаран ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, С.И.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган. Себеби, ал 2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин «ОК платформа» сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.

Аталган факты ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.   2022-жылдын 24-декабрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде жаран С.Н.Эгембердиев кармалып келип, кылмышка шектүү адам катарында Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2022-жылдын 25-декабрында  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, айыпкер С.Н.Эгембердиевдин бөгөт коюу чарасы Бишкек шаарында жайгашкан Тергөө абагына камакка алуу түрү тандалган.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаран ушундай эле арыз-даттануулар менен республиканын ички иштер органдарынын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнө кайрылышкан.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана тергөөгө камсыз кылуу багытында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, жогоруда аталган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Буга байланыштуу милиция жабыр тарткан бардык жарандарды  ИИМдин Тергөө кызматына 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887 , 0312266108.телефон номурлары аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>