Дүйнөнү кайсы паспорт менен кыдыруу оңой?

Дүйнөнү кайсы паспорт менен кыдыруу оңой?

Henley & Partners компаниясынын 2023-жылдын биринчи кварталындагы дүйнөлүк паспорт индекси боюнча маалыматына ылайык, кыргызстандыктар 66 гана өлкөгө визасыз бара алышат.

Муну менен республика мүмкүн болгон 109 визасыз багыттын саны боюнча рейтингде 81-орунда турат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Россия эң көп визасыз багыттарга ээ – 118, Беларусь – 78 багыт, Казакстан – 76 жана Армения жарандары 66 багытка визасыз бара алышат.

Бешинчи жыл катары менен Япония дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтингин жетектейт, анын паспорт ээлери 227 өлкөнүн 193үнө визасыз бара алат. Сингапур жана Түштүк Корея визасыз 192 өлкөгө баруу мүмкүнчүлүгү менен экинчи орунда.

Өз кезегинде паспорту акыркы орунда калган Ооганстандын жарандары — 27 гана өлкөгө визасыз бара алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>