Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкекте айдоочу 16 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти (видео)
04.08.2022 | 00:04
Социалдык тармактарга Бишкек шаарында 16 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочунун видеосу тарады.
Ал видеодо унаа каршы тилкеге чыгып, жолдон өтүп бара жаткан кыздыжыга сүзгөнүн көрүүгө болот. Айдоочу унаадан түшпөстөн, жанында өтүп бара жаткан кичи автобустун айдоочусу жаңсоолор менен аны токтотууга аракет кылган, бирок ал кетип калган.
Айрым маалыматтарга караганда, кырсык 24-июль күнү түштөн кийин Юнусалиев көчөсүндөгү Бета Сторес 2 соода борборунун жанында болгон.
Кыз ооруканада. ИИМдин издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Honda Fit унаасынын 19 жаштагы шектүү айдоочусунун изине түшкөн. Ал тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар