Энтеровирус инфекциясын жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек?

Энтеровирус инфекциясын жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек?

Жайдын мезгилинде инфекцияларды, анын ичинде энтеровирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көбөйөт.

Энтеровирус инфекциялары – козгогучу энтеровирус болгон жугуштуу оору. Энтеровирус жуктуруп алганда адамда калтырама болуп, денеге так чыгып, баш ооруп, кусуп, дене табы көтөрүлөт. Эгер сиз оорунун ушул белгилерин байкасыңыз дароо дарыгерге же тез жардамга кайрылыңыз.

Бул инфекция адамдан адамга аба, тамак-аш, суу, буюмдар аркылуу жугат.

Эгер үй-бүлөлүк дарыгерге чалууга мүмкүнчүлүк жок болсо, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына кайрылса болот.

Дарыгерге кайрылбай, өз алдынча дарыланууга, ошондой эле антибиотик ичип, денеге чыккан тактарга бир нерсе сүйкөөгө болбойт. Себеби ал сизге зыян алып келип, дарыгердин диагноз коюшун кыйындатат.

Ооруп калбаш үчүн:

  • маал-маалы менен колду самындап жууп туруу керек,
  • жеке гигиенаны сактоо зарыл,
  • жер-жемиш, жашылчаларды жээр алдында аны жуу керек,
  • башаламан соода жүргүзүлгөн, сактоо талаптары сакталбаган жерлерде азык-түлүк, анын ичинде дарбыз, коонду сатып албаңыз.
  • азык-түлүктү бышырып жеп, алардын жаңы экенине көңүл буруу зарыл,
  • таза суу ичүү абзел,
  • уруксат берилген жерлерде гана сууга түшүп, сууга түшкөндө сууну жутпоого аракет кылуу керек.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>