Легендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланат
Бишкекте айдоочу 75 жаштагы карыяны өлтүрө сүзүп кетти (видео)
30.06.2023 | 10:45
Бишкекте Жибек Жолу менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу 75 жаштагы карыяны өлтүрө сүзүп кетти.
Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя 29-июнда болжол менен саат 16:40та болгон. 30 жаштагы айдоочу Жибек Жолу менен батышты көздөй бара жатып Панфилов көчөсү менен кесилишкен жерде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан адамды сүзгөн. 75 жаштагы карыя окуя жеринде каза тапкан.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө, унаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз