ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Бишкекте айдоочу унаасы менен кызды сүзүп, качып кеткен – видео
07.04.2022 | 12:38
7-апрелде Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге борбор калаанын патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы тастыктады.
Анын айтымында, “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу Чүй проспектиси менен батыш тарапка бара жатып, Исанов көчөсү менен кесилишкен жерден “Опел” үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Качууга аракет кылган “Субару Форестер” Киев-Исанова көчөлөрүнүн кесилишинде 20-25 жаштардагы кызды сүзүп, андан сырткары окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
“Субарунун” айдоочусу Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, унаа айып жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар